Кызы менен уулун ашата сөккөн атанын видеосу. Милиция окуя тууралуу маалымат берди

Социалдык тармактарда эркек кишинин видео аркылуу сүйлөшүп жатканы тараган. Кадрларда ал балдарын кемсинтип, аялын коркутуп жатканын угууга болотОш ОИИБден жаран тууралуу маалымат беришти.

«11-октябрь күнү социалдык желесине эркек киши балдарын тилдеп жаткан видео тараган. Бул видео боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 1987-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган. Тактоо иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жаран Орусиянын жараны болот. Москва шаарында жашайт. Мурдагы жубайы менен 1 кыз, 1 уулу бар жана алар менен учурда чогуу жашабагандыгы маалым болду. Ал эми тартылган видео тасма ушул жылдын апрель айында Орусиянын аймагында жүргөн учурда тартылгандыгы такталды. Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кошумча маалымат берилет», — дешти.

Видеодогу жарандын жубайы милицияга арыз менен кайрылып, жабырлануучу аял өз арызында 2013-жылдан 2020-жылга чейин жолдошу менен чогуу жашап, эки балалуу болушканын, жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп жүргөндүгүн, 2020-жылдан бери телефон аркылуу коркутуп келгендигин, 2023-жылы июль айында Орусиядан Ошко келип, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып кетип калгандыгын билдирген. 2020-жылдан бери чогуу жашашпайт. Орусияда экөө араздашып, аялы эки баласы менен ошол жылы Кыргызстанга келе берген. Расмий түрдө ажырашуу боюнча жабырлануучу аял сотко кайрылган. Сот отуруму боло элек. Ортодо 2017 жана 2019-жылдары туулган балдары бар.

Учурда аталган арыз боюнча ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алынып барылат.