«Кызы терезеден жардам сурап кыйкырып». Казакстанда 29 жаштагы кыргызстандык аял кыздарынын көз алдында жан берди

Алматыда үч баланын энесин өз жанын кыюуга эмне эмне себеп болгону аныкталып жатат. Жаш келин өз батиринде жаш кыздарынын көзүнчө асынып алган. Алардын бири кошуналарын жардамга чакырган, бирок кеч болуп калган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Окуя Алматынын Мамыр конушунда кечээ, 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон. 

«Мен үчүнчү кабаттан кыздын кыйкырганын уктум. «Жардамга, жардамга! Апам өлүп калды» деп кыйкырды. Бир кыз өтүп бара жатыптыр, ага «барып көрөлү, эмнегедир жалгыз баргандан коркуп жатам» дедим. Аны менен барсам, келин шыптагы трубада илинип турган экен», — деген кошунасы Нургүл Аликпаева.

Маркумдун Кыргызстандын жараны экени, ал 29 жашта экени белгилүү болгон. Анын Алматыда жакын туугандары жок. Коңшуларынын айтымында, күйөөсү аялынан 15 жаш улуу. Балдарга көңүл бурбай, аялына кол көтөрчү дешет. Милиция «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иш козгоду. Бардык жагдайлар тергөөчүлөр тарабынан изилденип жатат.