«Кызы уят болбосун деп». Орусияда кыргызстандык жаран өз небересинен кутулууну чечкен

11-августка караган түнү Москвада жашап жана иштеген Кыргызстандын жараны колуна ымыркай көтөрүп полиция бөлүмүнө барган. Жаран полицияга ымыркайды аялдамадан таап алганын айткан. Бул тууралуу LIFE SHOT телеграм-каналында айтылат. 

Укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөөчү камералардын жардамы менен арыз ээсинин жолун аныкташкан. Киши ымыркайды өз үйүнөн көтөрүп келгендиги маалым болгон. 

Тергөө иштеринен маалым болгондой, жазында анын 20 жаштагы кызын жакшы көргөн кыргыз жигит ала качып кеткен. Жубайлар баш кошушкан, бирок нике расмий түрдө катталган эмес. Жаш келин кош бойлуу болуп, биринчи баласын 4-августта төрөгөн. Бирок күйөөсү күтүүсүздөн жок болуп кеткен. Төрөт үйүнөн кыргызстандык келин колунда ымыркайы менен ата-энесинин үйүнө кайтып келген. Ошондуктан, атасы кызын уяттан сактап калуу үчүн небересинен кутулууну чечкен.

Белгиленгендей, учурда прокуратура окуянын бардык жагдайларын текшерип, аныктап жатат. Бала медициналык мекемеде дарыгерлердин көзөмөлүндө.