Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти

18-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц-211» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты карай унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта, тактап айтканда, чыгыштан батышты көздөй унаасын башкарып келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А. аттуу тургунунун «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.