Кызыл-Кыяда 43 жаштагы телефон уурдоого шектүү кармалды

Милицияга Баткен шаарынын жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук “Таштемир ажы” базарында 22-май күнү кол сумкаларынан Xiaomi Redmi Note 9, Apple iPhone 13 Pro Max телефондорун белгисиз жарандар тарабынан уурдатып, бирине 10 миң сомдук, ал эми экинчи арыздануучуга 65 миңсомдук зыян болгонун билдирип, эки арыз менен кайрылган.
Бул арыздар уурулук беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Жогорудагы кылмыш иштери боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан Ноокат районунун 43 жаштагы К.И. аныкталып, Кызыл-Кыя шаарындагы базардан кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган К.И. Бишкек шаарында чөнтөк уурулук менен мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.