Кызыл-Кыяда 5 iPhone жана PlayStation уурдоого шектүү өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы телефон саткан дүкөнүнө белгисиз атуул дүкөндүн чатырын тешип кирип, дүкөн ичинде сатыкта турган РS-5 жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 400 миң сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын аныкталып кармалып тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.