Кызыл-Кыяда 56 жаштагы кишинин чөнтөгүнөн гашиш табылды

Кызыл-Кыя шаарында 56 жаштагы жарандан баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 56 жаштагы жарандын кийип турган күрмөсүнүн чөнтөгүнөн кагазга оролгон күрөң-кара түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.  Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат баңгизаттын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.