Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атылып, 32 жаштагы жаран көз жумду. Шектүү изделип жатат

Кызыл-Кыядагы дүкөндөрдүн биринде жаранга ок атылган видео тараган. ИИМ маалымат таратып, өз ара пикир келишпестиктен жаран ок атуучу курал менен атып салганын билдирди.

25-октябрь күнү саат 02:15 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарындагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен белгисиз жаранды атып салгандыгы тууралуу кабар түшөт. Бул маалымат катталып, окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы ыкчам-тергөө тобу менен барып, төмөнкүлөрдү аныктаган.

Аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы тургуну өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, 27 жаштагы жаран өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен 32 жаштагы жаранды ичине атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми 32 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы жарандын жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.