Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атылып, каза болгон жаран. Шектүү Тажикстанда кармалды (видео)

Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атып, изин жашырып кеткен жарандын башка дагы кылмышы аныкталып, ал Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

25-октябрь күнү саат 02:15 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарындагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен белгисиз жаранды атып салгандыгы тууралуу кабар түшөт. Аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы тургуну өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, 27 жаштагы жаран өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен 32 жаштагы жаранды ичине атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырганы аныкталган. Ал эми 32 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон. Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы жарандын жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Кылмышка шектүү жана анын кылмышка шериктеш Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 32 жаштагы жарандын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталган.

25-октябрь күнү Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызында аны 25-октябрга караган түнү саат 01:30дар чамасында аны Кызыл-Кыя шаарына алып келип, өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 жаран (арасында издөөдө жүргөн И.У. да болгон) белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, «бизге жасалма 20 миң доллар таап келесиң, болбосо унааңды бизге өткөрүп бересиң» деп ага күч колдонуп, зомбулук көрсөтүп, айдоочулук күбөлүгүн, 10 миң 650 сом акчасын, айдап жүргөн унаасын тартып алып койгондугу маалым болгон. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы кылмышка шектелип, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27 жаштагы Т.М. жана Б.М., 31 жаштагы Э.М. жана А.И. ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21 жаштагы А.А. жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы Э.И. аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын кылмыштуу шериги А.Анын жүргөн жери аныкталып, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагына кирип кеткендиги маалым болгон.

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов менен Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун сүйлөшүүлөрүнүн жана кылмыштуулуктун алдын алууда биргеликте аракеттенүүнүн алкагында эки өлкөнүн ыкчам кызматкерлери биргеликте ыкчам иш аракеттерин жүргүзүп, издөөдө жүргөн И.У жана А.А. Тажикстанда аныкталып кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүлдү. Учурда тергөө иштери уланууда.