Кызыл-Кыяда жаран үйүндөгү алтын буюмдарын уурдаткан. Шектүү аял кармалды

Уурулукка шектелген 50 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын 63 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз адам кирип, үйүнүн ичиндеги турган сумкасынын ичинен 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан 16-апрель күнү кылмыш иши козголгон. 17-апрель күнү жогорудагы аталган кылмышка шектүү катары Сузак районунун 50 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ошондой уурдалган алтын буюмдарды шектүү катып койгон жеринен алып, толугу менен жабырлануучуга өткөрүп берилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.