Кызыл-Кыяда жасалма акчага соода кылууга шектүү кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы З.Н. аттуу тургуну июнь айында жасалма 100 доллар менен “Таштемир ажы” базарынан кийим сатып алып, изин жашырып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүгө издөө жарыяланган.

Милиция тарабынан ноябрь айынын башында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-жол” өткөрмө пунктунан аныкталып кармалды. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.