Кызыл-Кыяда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 6 жаран курткарылды

Кечээ, 18-декабрь күнү саат 16:11де Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө шаардык №62 ӨКБдан 1 бөлүм атайын өрт өчүрүүчү унаасында чыгып, саат 17:47де толугу менен өчүрүлгөн.

3-кабаттагы батирден чыккан өрт учурунда үй ээлери сыртка чыгууга жетишкен. Бирок 4-кабаттын жашоочулары түтүндөн улам чыга албай калышкан. ӨКМ кызматкерлери тарабынан 2 аял жана 4 бала куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Куткарылган жарандардын абалы жакшы.

Ал эми өрттүн жалпы аянты 24 чарчы метрди түзүп, учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда.