«Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган. Бул факты 3-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.