Кызыл-Кыяда мектепте 90 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды

Кызыл-Кыя шаарында банктык карточканы уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

27-март күнү Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептен 54 жаштагы жаран өзүнүн кабинетинен сумкадагы банктык карточкасын белгисиз жаран уурдап алып, аталган карточкадан 90 миң сом акчасын чыгартып алгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалып, 90 миң сом кайтарылып берилген. Азыркы күндө кылмыш иш тергелүүдө.