Кызыл-Кыяда өз алдынча сейилдөөгө бара жаткан студенттердин тобу кармалды

Буга чейин милиция, мугалим жана ата-энелердин эскертүүлөрүнө карабастан, атайын унаа жалдап өз алдынча сейилдөөгө бара жаткан студенттердин тобу Кызыл-Кыя шаарындагы Кара-Козу участкасынан кармалды.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери балдардын, жалпы эле жарандардын коопсуздугун, укук бузуулардын жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу багытында кайгуулдарды жүргүзүп, Ноокат, Кадамжай райондору менен чектешкен аймактарга блокпосттор коюлуп, жол коопсуздугун алдын алуу багытында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Бүгүн, 26-май күнү саат 9дар чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасындагы блокпостунан Миталип Таиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык педогогикалык институтунун 1-курсунун 16-17 жаштагы студенттери өз алдынча бара жаткан жеринен кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБне жеткирилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ал эми кичи автобустун айдоочусуна карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол толтурулуп, айып пул салынды.