Кызыл-Кыяда өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкукана уюштурган делип 33 жаштагы келин кармалды

Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен аял аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун аныктап, кармаган.

Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги аныкталып кармалды.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 167-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.