Кызыл-Кыяда сойкулук кылганга шектелип эки аял кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 9-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т. (аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н. (аял киши) сойкулук аракеттерин ишке ашыруу учурунда кармалды.
Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар алынган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.