Кадамжай районунун 32 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы ири соода борборунун биринде IPhone 11 телефонун сатууда ага белгисиз кыз 23 миң сомго телефонун баалашып, банктардын биринин жасалма чек тиркемесин көрсөтүп окуя болгон жерден изин жашырып кеткендигин билдирип октябрь айынын аяк чендеринде милицияга арыз менен кайрылган.
Ошондой эле октябрь айынын аягында Кадамжай районунун 29 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы ушул эле соода борборунда iPhone 14 телефонун белгисиз кыз 62 миң сомго баалашып, 10 миң сом акчасын накталай берип, калган 52 миң сомунун чегин көрсөтүп, изин жашырып, кийин ал чек жасалма болуп чыкканын билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Ош облусунун Алай районунун 22 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, Ош облусунан кармалып келди. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.