Кызыл-Кыядагы дүкөндөрдүн биринде жаранга ок атылган видео тарады

Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы дүкөндөрдүн биринде тартылган видео тарады.

Маалыматка караганда, окуя 25-октябрга караган түнү болгон. Видеодон жарандын ок чыгарганын, жабырлануучунун дүкөндөн ичин кармап, чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Баткен милициясы маалымат берилерин убадалады.