Кызыл-Кыядагы көчөдө табылган жансыз дене боюнча милиция маалымат берди

Кызыл-Кыя шаарында оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБге 11-август күнү эртең менен шаардагы көчөлөрдүн биринде жашы болжол менен 45-50 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар түшөт.

Аталган маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, бөлүмдүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, ал Кызыл-Кыя шаарынын 1978-жылы туулган жараны экендигин тактап, анын денесине учтуу зат сайылып, каза болгондугун аныктаган.

Бул факты боюнча 122-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталды. Кылмыштын изи сууй электе Баткен облустук жана Кызыл-Кыя шаардык кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда сот жообуна тартылган 22 жаштагы жаран аныкталып, кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам учтуу нерсе сайгандыгы жана маркум көп кан жоготкондугуна байланыштуу каза болгондугу белгилүү болду. Учурда кылмыш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.