Кызыл-Кыядагы массалык мушташуу кол алышуу менен аяктады

Кечээ, 19-сентябрь күнү саат 17:53 чамасында Кызыл-Кыя шаарында белгисиз балдардын топ болуп мушташкан видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, урушкан балдардын жок экендиги аныкталган.

Бул окуя боюнча урушкан балдарды тактоодо бир тараптагы балдар Кызыл-Кыя шаарынын 22, 23 жаштардагы үч тургуну экендиги, ал эми экинчи тараптагы балдар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ынтымак айылынын 24, 25 жаштардагы үч туругуну экендиги такталган. Массалык мушташуунун себеби жөө адамдар жүрүүчү жолдон жол талашып, өз ара пикир келишпестиктен улам чыккан. Кайра ошол эле жерден маселени чечип, кол алышып кетишкен. Окуя боюнча бири-бирине карата арыз доосу жок экендигин билдиришти.

Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери уланууда.