Кызыл-Кыядагы үйдө 75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Кызыл-Кыядагы үйдө 75 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 10-июнда түшкү саат 12:31де ӨКМге Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин эшигин ачып берүүгө жардам сурап кайрылышкан. Жерине 6 куткаруучу барып, эшикти ачышкан.

Үйдүн ичинде 75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүп берилген.