«Кызым чүнчүп кеткен». Сокулукта кордолуп келген секелек кыздын апасы окуя боюнча үн катты

20-мартта Акыйкатчы институтунан Сокулукта 13 жаштагы кыздын системдүү түрдө 9 жигит тарабынан зордукталып келгенин айтып, жардам сурап кыздын апасы кайрылган. Студияга дал ошол зордукталды деген өспүрүмдүн апасы жана таякеси келди. Алар окуя тууралуу айтып беришти. SUPERTV телеканалы шектелгендер же алардын жакындарынын пикирин чагылдырууга даяр.

«9 бала бирин-бири таанып жатпайбы. Ошолор бир досунун үйүнө алып барып, ошол жактан жаман иштерди кылчу экен. 9 баланын бирөөсү улуураак экен. Биздин жаныбызда дүкөн бар, ошол жерден салып кетиптир. Өйдө жактагы айылга алып барып, жаман ишин кылыптыр. Кайра дүкөндүн алдына таштап коюшуптур. Мен окуя тууралуу уккандан бери кан басымым көтөрүлүп, өзүмдү жаман сезип жатам. Кызым менен жакшы эле сүйлөшчүмүн. Окуусу кантип жатканын сурачумун. Мектептегилер менен да байланышып турчумун. Кызым күндөн-күнгө чүнчүй баштаган. Отуруп алып, ыйлаганын көрчүмүн. «Баары жакшы эле, кабатыр болбоңуз» деп койчу», — деди апасы.