«Кызым мага таарынып таенесиникине кетип калыптыр». Апасы 16 жаштагы кызын ала качышпаганын билдирди

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Түп районундагы айылдардын биринен 16 жаштагы кызды Кара-Балта шаарына ала качып кетти деген окуя боюнча кошумча маалыматтар айтылды.

«Каракол шаардык милициясына 1965-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылган. Арызында ал 11-июль күнү саат 08:00 чамасында Түп районундагы айылдардын биринен 16 жашар кызды Кара-Балта шаарына ала качып кетишкенин айткан. Аталган факты электрондук китепке катталып, Түп РИИБиге маалыматтар жөнөтүлгөн. Арыздануучу кыз сүйлөшүп жүргөн жигиттин атасы болгон. Кыздын ата-энеси чуу жаратпайлы деп арыз жазуудан баш тартышкан.

Бүгүн, 12-июль күнү Түп РИИБинин кызматкерлери ала качып кеткен кыздын үйүнө барышкан. Ал учурда  кыздын 45 жаштагы апасы кызын үйүнө алып келип, жарандын арызында берген маалыматты жокко чыгарган. Аялдын айтымында, ал телефондо көп отурганы үчүн кызын урушуп койгон. Кызы таарынып кошуна айылда жашаган таенесиникине кетип калган. Апасы кызын таенесиникинен таап келген. Аталган маалыматты 16 жаштагы кыз жана анын атасы да ырастады. Ошондой эле кыз Кара-Балтага алып качып кетти деген баланы тааныбастыгын билдирди. Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

12-июлда Түп районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кызды Чүй облусунун Кара-Балта шаарына ала качып кеткенин айтылган.