«Кызыңыз жол кырсыгына кабылды» деп алдап, акча алган курьер кармалды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар курьер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдришти.

Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ менен биргеликте телефон алдамчылыгына аралашкан кезектеги шектүүнү кармашкан. Курьер алданган жарандардан өзгөчө ири өлчөмдө акча алып турган.

Февралдын аягында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, телефон алдамчылыгы тууралуу билдирген. Түнкү маалда белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүндө орнотулган телефонго жана уюлдук телефонго чалышып, “кызың жол кырсыгына кабылды” деген шылтоо менен алдап, 12 миң доллар жана 250 миң сомун ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү “алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды. Кармалган жаран 2003-жылы туулган Ш.уулу Т. борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болот. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Алсак, шектүү 2003-жылы туулган Ш.уулу Т. Бишкек шаарындагы 4-кичи районундагы жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29 миң доллар, Чыгыш-5 кичирайонунун жашоочусунан 265 миң  сомун жана 300 долларын, Жал кичи районунун бир тургунунан 9 миң доллар, ал эми экинчи тургунунан 250 миң сом, 900 доллар, 1500 евросун алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган.