Лебединовкада 26 жаштагы кыздын уурдалышы. Иш токтотулду

Лебединовкадагы кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш курамынын жоктугу боюнча тергөө токтотулган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабырлануучуну суракка алышкан, ал шектүү менен эки жарым жылдай дос болгонун, алар үйлөнмөк болушканын айтышкан, бирок ата-энесинин ортосундагы пикир келишпестиктен улам, той болбой калып, кыз ага өз ыктыяры менен барган. Экспертизалар денеге эч кандай зыян келтирбегенин көрсөткөн. Чогулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган. 

6-майда Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдынан Изат Курбанованы уурдап кетишкенин айтып, сиңдиси милицияга арыз жазган. Кийинчерээк окуя болгон жерде тартылган видео тараган. Эртеси соцтармактарга кыздын видеосу жарыяланган, анда ал уурдаган бала жигити экенин айтып, ата-энесинен кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошол эле күнү кечинде ал Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген болчу. Ал эми кылмышка шектүү милицияга өзү барган.