Лебединовкада уурдалган 26 жаштагы кыз. Кылмышка шектүү милицияга өзү барды

Лебединовкада кызды уурдоо фактысы боюнча изделип жаткан жигит милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы шектүү ички иштер органдарына 12-майда адвокаты менен бирге барган. «Жигит менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары көрүлүп, ал коё берилди. 7-майда кайра табылган 26 жаштагы жабырлануучу кыз өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул уурдалган эместигинен кабар берет. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

6-майда Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдынан Изат Курбанованы уурдап кетишкенин айтып, сиңдиси милицияга арыз жазган. Кийинчерээк окуя болгон жерде тартылган видео тараган. Эртеси соцтармактарга кыздын видеосу жарыяланган, анда ал уурдаган бала жигити экенин айтып, ата-энесинен кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошол эле күнү кечинде ал Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген болчу.