Лебединовкада унаа жуучу жай өрттөндү (видео)

Бишкек шаарынын Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:00дө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 11:11де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.