Лебединовкада уурдалды делген 26 жаштагы кыз Беш-Күнгөй айылынан табылды

Чүйдүн Лебединовка айылында уурдалган 1995-жылы туулган Изат Курбанова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 7-май күнү болжол менен саат 16:30 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылган.

«Белгилей кетүүчу жагдай, жогорудагы аталган кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бардык видео көзөмөл камералар каралып, кыз жана аны уурдады делген адамга байланышы бар бир нече адамдар сурак беришти. Аламүдүн району жана Бишкек шаары боюнча мейманканалар, кароосуз калган имараттар жана талааларга кароо жүргүзүлдү.

Аламүдүн РИИБде бардык керектүү тергөө иш-чаралары жана түшүндүрүү иштери аяктаган соң кыз ата-энесине өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.