Лебединовкадагы гипермаркет курчоого алынды. Баштыктын ичинде кийимдер болгон

Милиция кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери курчоого алган гипермаркеттеги баштыктан эркек кишинин кийимдери чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 11-майда саат 21:20 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Лебединовка айылында жайгашкан гипермаркетте шек жараткан баштык турганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери менен биргеликте УКМКнын кызматкерлери барып, кызматкерлер аталган гипермаркетти курчоого алышкан. Баштыка эркек кишинин кийимдери болгон. Аталган факты каттоого алынып, бардык жагдайлар териштирилип жатат.