Лебединовкадагы жол кырсыктан 8 киши жаракат алды (сүрөт, видео)

Лебединовка айылында жүргүнчү ташуучу №258 кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мерседес Спринтер унаасынын 44 жаштагы айдоочусу унаада жүргүнчүлөрү болгонуна карабай, каршы тилкеге ​​чыккан. Кичи автобус Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. 

«Кырсыктын кесепетинен сегиз жүргүнчү жабыркап, ооруканага жаткырылды. Кырсыктын материалдары кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн РИИБге өткөрүп берилди. Унаалар айып токтотуучу жайларга жайгаштырылды, керектүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген «Байзак Аска» менен түзүлгөн эмгек келишимин бузгандыгы үчүн №258 каттамдын айдоочусу 23-августта иштен алынган. Мындан тышкары, «Байзак Аска» 10 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылды», — деп айтылат маалыматта.