Лейлек РИИБдин жетекчисинин биринин үйүнөн коңшу өлкөнүн 3 жараны табылды

Лейлек РИИБдин жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек РИИБдин жетекчилеринин биринин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.

Кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.