Лейлекте 1 жыл ичинде түн учурунда 17 жол кырсыгы катталып, 24 жаран жаракат алган

Лейлекте бир жыл ичинде 24 жаран жол кырсыктан ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Раззаков шаарынын аймагындагы айылдардын ички көчөлөрүнүн четине орнотулган түнкү жарыктандыруу чырактарынын иштеши жана кооптуу болгон аймактарга кошумча түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча иштерди алып барууда. Лейлек районунун аймагында 2022-жылдын ичинде орун алган жол унаа кырсыгынын 17си түнкү мезгилде катталган, андан 2 жаран каза болуп, 24 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.