Лейлекте 1,5 тонна курманы мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Баткенде бир жарым тоннага жакын курманы мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан бүгүн, 17-мартта, билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартта Лейлек районунун Борбордук айылында чек арачылар тажик жаранынын башкаруусундагы Hyundai-Porter  унаасын токтотушкан.

Коңшу өлкө жараны мыйзамсыз, чек араны айланып өтүү менен 1 тонна 475 килограмм курманы Тажикстандан Кыргызстанга киргизүүгө аракет кылган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кармалган товардын наркы 265 миң сомду түзөт. Андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.