Лейлекте 53 баш койду 41 козусу менен коңшу өлкөдөн өткөрүп жаткан шектүү кармалды

Лейлек районуна коңшулаш аймактан аткезчилик жолу менен мал алып кирген жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кулуңду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын Курсай участкасында 8-февраль күнү таңкы саат 05:40 чамасында 53 баш кой, 41 баш козусу менен тактап айтканда, 94 баш малды коңшулаш өлкөдөн Кыргызстан мамлекетине өткөрүп жаткан жеринен Раззаков шаарынын Чимген айылынын 26 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды.

Бул маалымат Лейлек РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.