Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган делип коңшу мамлекеттин жараны кармалды

Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери алдын ала ыкчам маалыматтардын негизинде дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашкан.

Тажикстандын 51 жаштагы жараны менен Лейлек районунун 37 жаштагы тургуну өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен.

Коңшу мамлекеттин жараны Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында унаага салып жатканда кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык контрабанда) менен 378-берене (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча УКМКга жөнөтүлдү.