Лейлекте чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ишинин негизинде милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада жергиликтүү тургун 1973-жылы туулган жаранды кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.