Лейлекте чек араны бузуп өтүп жүргөн шектүү кармалды

Лейлекте мамлекеттик кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, келип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баул айылынан чет өлкөнүн 36 жаштагы жаранын кармаган. Ал Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган.

Кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.