Лейлекте диплом менен айдоочулук күбөлүк алууну каалаган жарандар алданып калышты

Лейлекте элдин ишенимине кирип алдоо жолу менен «диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем» деп акча алып, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районунун тургундары 2023-жылдын июль-август айларынан бери жаран алардын ишенимине кирип, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып берем деп, бааланган сумманы алып, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып бербей, изин жашырып кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Лейлек РИИБге жалпысынан 9 арыз түшүп, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран жабырлануучуларга жалпысынан 720 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 44 жаштагы тургуну Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалып, Баткен облусуна жеткирилди.