Лейлекте катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол жабылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт  министрлигинен маалымдашты.

Тазалоо иштери сел агымы басаңдары менен башталат. Тиешелүү техникалар даяр турат. Ош-Баткен-Раззаков (330-372-чакырымдар аралыгы) унаа жолунда сел жүрүп, тазалоо иштери жүрүүдө, каттам бар.