Лейлекте кыш заводдун акционерлери компаниясын ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган жер 1994-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. УКМКнын маалыматына караганда, анда мамлекеттин үлүшү 30 пайыз болгон ар кандай үлүш жерлери болгон. Андан бери «АООТ-Исфана» компаниясынан мамлекет кандайдыр бир дивиденд алган эмес. Мындан улам «АООТ-Исфана» ААКсынын акционерлери жана төрагасы менен жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин жыйынтыгында Раззаков шаарындагы базар баасы 226 миллион 44 миң сомдук кыш заводу 12558 м2 жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилди.