Лейлекте мас күйөөсүнөн токмок жеген келин милицияга кайрылды

Лейлекте милиция аялына зомбулук көрсөткөн эркекти кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районун Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну (аял киши) милицияга кайрылып, анын 34 жаштагы күйөөсү спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп-тепкилеп зомбулук көрсөткөнүн билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жабырланган аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, ага зомбулук көрсөткөн жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.