Лейлекте тажик жараны баңгизаттарды сатуу учурунда кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда тажик жараны баңгизаттарды сатуу учурунда кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына болжол менен 30-35 жаш чамаларындагы азиат түспөлүндөгү жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда тажик жараны, эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган.

Аталган иш-чараны жүргүзүү учурунда кызматкерлер сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан. Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде
табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда өндүрүлгөн «героин» баңгизаты деп аныкталган. Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктообоюнча тергөө-ыкчам иш- чараларын жүргүзүү уланууда.