Лейлектеги айылда 5 аял өз жанын кыйган. Эмне себеп болушу мүмкүн экени айтылды

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында ушул жылдын 11 ай ичинде 7 суицид (аял кишилер) катталып, бешөө каза болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.

«Жергиликтүү милиция бул иштер боюнча иликтеп чыкканда, аялдардын келин болуп түшкөн үйлөрүндө социалдык жактан кыйынчылыгы бар экени жана жолдоштору сыртка мигрант болуп чыгып кеткендиктери аныкталган, өзүнө кол салган аялдардын өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калган. Бул айылда суицид жасаган аялдардын эң жашы 20, ал эми эң чоңу 43 жашта болгон»,- дешти.

Сумбула айыл аймагындагы жашоочуларга Лейлек РИИБдин башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү да үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген.

2023-жылдын 11 ай ичинде Сумбула айыл аймагы боюнча 7 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан 7 коргоо ордери берилген. Бирок коргоо ордери берилген үй-бүлөлөрдө кайрадан зомбулук фактылары катталган эмес.