Алдын ала маалыматка ылайык, кечээ, 7-июль күнү саат 15:00 чамасында Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн аймагында жаан жаап, Баул айылындагы сел келүүчү сай аркылуу сел суулары түшкөн. Ички чарбалык жол катары пайдаланылган сел аранын (сайдын ичи) айрым жерлери бузулган. 2 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, 1 бодо мал жана 4 кой-эчкини сел суулары агызып кеткен. Учурда сел суулары токтогон жана жол каттамы үзгүлтүккө учураган жок. Жеринде ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүү иштерине 13-жол тейлөө ишканасынан 2 бирдик техника тартылган.