Лейлектин тургунунун унаасынан 7 килограмм гашиш табылды (сүрөт)

7 килограмм салмактагы баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

9-декабрда Баткен облусунун Арка айылынын тургунуна тиешелүү Опел үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган болжол менен 7 килограмм салмактагы баңгизат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизат гашиш экени аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.