«Лексус же Тойота». Чүйдө унаа алып берем деп 17 миң доллар алган шектүү кармалды

Чүй облусунун тургуну унааларга байланышкан алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын июнь айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бир катар кылмыштарды жасаган шектүү жаран кармалган. Кармалган жаран Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну мурда көп жолу соттолгон.

2023-жылдын февраль айында Чүй облусунун тургуну Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз бир жаран Лексус же Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү жол тандабас унааларын сырттан айдап келип берем деген шылтоо менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 17 миң доллар жана 100 миң сомдон ашык акчаларын ээлеп алган. Аныкталгандай, алдамчылык менен алектенген жаран ар дайым акчаны алуу үчүн жаңы жолдорду ойлоп таап, жабырлануучунун ишенимине ээ болуп, алдамчылык жол менен бир жыл бою акча каражатын алып турган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында жогоруда аталган жаран унаа сатып алууга жардам берем деп, Чүй облусунун тургунунан 12 миң доллар алдап алганы аныкталган. Шектүүнүн убадасына ишенген аял бардык акчасын берген. Бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын май айынын аягында жаран издөөгө алынган. Ошондой эле, анын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан башка жарандар да бар. Буга чейинки кылмыш иши башка сотто каралууда.

Шектүү Бишкек шаарынын аймагынан ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармашкан.
Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.