Лексус менен милициянын УАЗ унаасы кагышып, эки тараптан тең жабыркагандар болду

Бишкекте Лексус үлгүсүндөгү автоунаа менен УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаа сүзүшүп, жабыркагандар болду. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Кечээ, 8-июлда саат 23:00 чамасында Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын кесилишинде жол кырсыгы катталган. Тагыраагы Лексус үлгүсүндөгү автоунаа Шопоков көчөсү менен бара жатып, Москва көчөсүнүн кесилишинен чыгышты көздөй бара жаткан УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча эки унаадан тең жабыркагандар бар.

Толук маалымат дагы такталып берилет.