Лексусту ижарага алып, күрөөгө койгон делип 2 аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер камалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 3-июнда жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эки аялга чара көрүп берүүнү суранган. Анда 16-майда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда беш күндүк ижара акысы үчүн арыз ээсине 350 доллар төлөп, Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунааны алышкан. Анан алар унааны борбордогу күрөөканалардын бирине 6 миң долларга коюп, из жашырып кетишкен. Жабырлануучу унаасын өз эсебинен 7700 долларга сатып алууга мажбур болгон. Бал факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган жана 1976-жылы туулган аялдар кармалды. Бири СИЗО-1ге камакка алынып, экинчиси үй камагына чыгарылган.