Ленин РИИБдин кызматкерлери чет элдик жарандан 2000 доллар талап кылганга шектелип кармалышты (видео)

Бишкек шаардык Ленин РИИБдин тергөөчүсү менен кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкери чет элдик жарандан пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
 Маалыматка ылайык, 28-июль күнү 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин РИИдин тергөөчүсү Ж.Т. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Б.Т. кармалган.
Маалыматка ылайык, тергөөчү тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.дан 2 миң АКШ долларын талап кылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин РИИБдин тергөөчүсү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.